• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Илмияновдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президент А.Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтмөк.

Бирок, жыйын күбө жана жабыр тарткан тараптын келбегендигине байланыштуу жылдырылды. Прокурор билдиргендей, учурда күбөлөр Кыргызстандын аймагында эмес.

Кийинки отурум 4-сентябрь күнү өтөт.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн президенттин мурдагы кеңешчиси И. Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иши аяктаган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмияновго Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча шектүү экендиги билдирилген. Ошондой Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгы билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий