• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Илмияновдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президент А.Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө иштерди бөлүп кароо тууралуу суранычтар айтылган. Жактоочулар Салык кызматынын мурунку кызматкери Рустам Шакиров саламаттыгы тууралуу тиешелүү негиздеме алып келсе, ишти бөлүп кароону суранышкан.

Отурум 18-сентябрга чейин жылдырылды.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн президенттин мурдагы кеңешчиси И. Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иши аяктаган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча шектүү экендиги билдирилген. Ошондой Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгы билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий