• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Илмияновдун иши: Сот 30-октябрда өкүм чыгарат

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президент А.Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтмөк.

Илмияновдун иши боюнча өкүм 30-октябрь күнү чыгат.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн президенттин мурдагы кеңешчиси И. Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иши аяктаган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча шектүү экендиги билдирилген. Ошондой Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгы билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий