• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Илмияновдун иши. Жактоочулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук жыйындын жүрүшүндө жактоочулар соттук кароо тартиби бузулгандыгына байланыштуу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Ал эми прокуратура бул негизсиз болгондугун айтып, берилген өтүнүчтү канааттандырбоону суранды. Мамлекеттик айыптоочулар билдирбегендей, бул жерде эч кандай мыйзам бузуулар жок.

Судья кеңешчү бөлмөдөн чыгып, берилген өтүнүч негизсиз болгондугун айтып, аны канааттандыруусуз калтырган.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн президенттин мурдагы кеңешчиси И. Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иши аяктаган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча шектүү экендиги билдирилген. Ошондой Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгы билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий