• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Илмияновдун ишин тергөө мөөнөтү 28-июлга чейин узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишин тергөө мөөнөтү 28-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Бакытбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтуусунда, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аны кайрадан узартуу керекпи же жокпу чечилет. "Ал үй камагына чыгарылды деген маалымат чындыкка дал келбейт, учурда камакта", - деп билдирди Сыдыгалиев.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго карата кылмыш ишин 2018-жылдын 28-сентябрында козгогон. Ага 166-берененин ("Алдамчылык") 4-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча айып коюлган.

2018-жылдын июнь айында КРдан чыгып кеткен Илмияновго издөө жарыяланып, кийин ал Россиянын аймагынан кармалган. Андан соң Бишкекке жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий