• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Икрам Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан И.С.Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаган.

"2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөрүү үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий