• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Илмияновго карата кылмыш иш сотко жиберилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башкы тергөө башкармалыгы мурунку президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун мыйзамсыз 150 миң АКШ долларын ээлеп алгандыгы боюнча сотко чейинки өндүрүштү аяктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Илмиянов КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири суммадагы алдамчылык) боюнча жасалган кылмышка шектүү катары өтүп жаткандыгы тууралуу билдирүү алган. Ошондой эле, Салык кызматынын мурунку инспектору Р.Шакиров КРнын КЖК 320-беренесинин 3-б. (ээлеген кызматын кыянаттык менен колдонуу) боюнча шектүү катары өтүп жаткандыгы тууралуу билдирүү алган.

Бул кылмыш иш Башкы прокуратурага изилдөө үчүн өткөрүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгында И.Илмиянов жана Р.Шакировдорго карата 2019-жылдын 8-июль күнү айып актысы бекитилип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кароого өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий