• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Илон Маск жана фантастикалык келечекти издөө" китеби кыргыз тилине которулду

Билим 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Эшли Вэнстин “Илон Маск жана фантастикалык келечекти издөө" китеби кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, китептин ачылыш аземи борбор калаадагы К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Америка борборунда өттү.

Китеп АКШ элчилигинин колдоосу менен басылып чыкты. Долбоорду Каракол шаарындагы “Steps to Success” бейөкмөт уюму аткарып, кыргыз тилине Тынчтыкбек Жанадыл которгон.

Иш-чарага Билим берүү министрлигинин алдындагы “Жаңы китеп” уюмунун директору Төлөгөн Аматов, котормонун автору Тынчтыкбек Жанадыл, АКШ элчилигинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий