• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИМ Нью-Йорктогу теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. ИМ террордук тобу Нью-Йорктогу теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Анын курмандыгы сегиз адам болгонун Reuters агенттиги билдирди.

Шейшемби күнү Нью-Йоркто Манхэттендин түштүк-батышындагы ведосипед жолуна жүк унаасы чыга калган. Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов бир нече көчөлөрдү өтүп, велосипедчилерди коюп жүрүп отуруп, мектеп автобусу менен кагылышкан.

Унаасында террорчу бул кол салууну ИМ тобунун атынан жасап жатканы тууралуу кат калтырган.

ФБР маалыматы боюнча Саиповдун телефонунан “Ислам мамлекети” менен байланыштуу 90 видео жана болжол менен 3,8 миң сүрөт табылган. Анда согушкерлердин өлүм жазасына тартуулары, террорчулардын жана алардын лидерлеринин белгилери камтылган-, дейт РИА Новости.

Саипов полиция кызматкерлери тарабынан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал теракт жасоого жана терроризмди колдоого айыпталып, аны өлүм жазасына тартуу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий