• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИМ согушчандары Париждеги атышуу үчүн жоопкерчиликти алышты

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. “Ислам мамлекети” террористтик тобу Париждин борборундагы натыйжасында 1 полиция каза тапкан атышуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алышты. Бул тууралуу Франс Пресс экстремисттерге байланыштуу сайтка шилтеме кылып билдирди.

Еписей аянтында болгон атышууда укук коргоо органдарынын 1 кызматкери каза болуп, дагы экөө жарадар болушкан. Ошондой эле, окуя болгон мезгилде ошол жерден өтүп бара жаткан аял жеңил жаракат алганы маалымдалат. Франциянын президенти Франсуа Олланд бийлик бул кол салуунун террористтик мүнөзүн карап жаткандыгын билдирди. Париждин прокурору окуяга терракт катары баа берип, кылмышкерлерди террорчулар атады.

Дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде ГФР канцлери Ангела Меркель жана Италиянын премьер-министри Паоло Жентолини француз элине жана өкмөтүнө көңүл айтышты.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий