• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИМ тобу Барселонадагы теракт үчүн жоопкерчилик алды

Дүйнө 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. “Ислам мамлекети” террордук тобу Барселонадагы теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул маалыматты жихадчыларга жакын Amaq агенттиги таратканын террорчулардын ишине байкоо жүргүзгөн SITE Intelligence Group билдирди.

17-августта Барселона шаарында бир фургон жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кеткен. Окуя шаардын туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсүндө болгон. Испан бийлиги кеминде 13 киши өлгөнүн жана жаракат алгандар 100дөн ашканын тастыктады.

Полиция террордук кол салууга байланышы бар деген шек менен эки кишини кармаганын маалымдады.

АКШ президенти Дональд Трамп Барселонадагы теракты айыптап, Испанияга жардамын сунуштады. Испан эли менен тилектештигин Германия, Франция, Улуу Британия, Орусия лидерлери дагы билдиришти.

Акыркы жылдары террордук уюмдар жөө жүргүнчүлөрдү унаа менен тебелетип өтүүнү адатка айландырышууда. Дал ушундай чабуулдар Европанын Ницца, Берлин, Лондон жана Стокгольм шаарларында орун алып, жүздөн ашуун адам каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий