• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Имамдардан акча талап кылган УКМКнын “жалган кызматкери” кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Имамдардан акча талап кылган УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын “жалган кызматкери” кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырган жаран Сузак районундагы Бек-Абад айылындагы “Жума” мечитинин имамы А.Т., жана Атабеков айыл аймагынын баш имамы М.И.дан акча талап кылган. Ал оорулуу кызына жардам берүү шылтоосу менен имамдардан 1 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акча опузалаган.

24-июнда ыкчам издөө иш-чарасы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (“Опузалап пара талап кылуу”) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

УКМК Коррупцияга каршы кызматынын И.Ы.А., аттуу “жалган кызматкери” 14 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Жеке тинтүү учурунда шектүүнүн наамына берилген кызматтык күбөлүгү табылды.

И.Ы.А., Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий