• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Иманалиев: 2022-жылы Кыргызстанда Түркмөнстандын Маданият жана искусство күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. «Кыргызстан менен Түркмөнстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында 2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда Маданият жана искусство күндөрүн өткөрүү пландаштырылууда. Мындай иш-чаралар эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын мындан ары дагы бекемдөөгө дем берет», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга расмий иш сапарында жетишилген келишимдер тууралуу маалымат берип жатып.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түркмөн маданий байланыштарын чыңдоого багытталган бир катар келишимдерге кол коюлганын баса белгиледи.

Аталган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында киномотография жаатында биргелешип тасмаларды тартуу, улуттук оюндарды кайрадан жандандырууда биргелешип иш алып баруу жана бул жаатта тажрыйба алмашуу чаралары каралат.

«Белгилүү болгондой келерки жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркия Республикасында өтөт жана агаТүркмөнстан дагы катышат. Буга байланыштуу түрк тилүү мамлекеттер ортосунда улуттук оюндарды кайрадан жандандыруу боюнча чогуу иш алып барууну мерчемдеп жатабыз. Келечекте улуттук оюндар боюнча тажрыйба алмашуу иш-пландарыбыз бар», — деп билдирди Кайрат Иманалиев.

Мындан тышкары, ал эки өлкөнүн жаштарынын өз ара кызматташуусун жакшыртууга багытталган меморандумга кол коюлганын маалымдады.
Министр кошумчалагандай, меморандумдун негизинде эки өлкөнүн жаштарынын тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түркмөн маданий кызматташтыгын арттырууга багытталган төмөнкү келишимдерге кол коюлду. Алар:

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркмөнстандын Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркмөнстандын Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда 2014-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча спорт жаатындагы иш-чаралар планы;

— 2021-2023-жылдарга карата 2014-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосунда маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;

— 2018-жылдын 23-августундагы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Кино өндүрүшү жана телерадиоберүү жаатында биргелешип кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол.

Пикир

Оставить комментарий