• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Иманалиев билим берүү уюмдарынын жетекчилерин өнүктүрүү долбоорлорун жазууну үйрөнүүгө чакырды

Билим 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү уюмдарынын жетекчилерин өнүктүрүү долбоорлорун жазууну үйрөнүүгө чакырды. Бул тууралуу министр мектепке чейинки билим берүү тармагынын учурдагы абалы, көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору тууралуу тиешелүү адистер менен болгон жыйында билдирди.

Жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова өлкөдө старт алган «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүү, 100 күндүн ичинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу, аткарылып жаткан иштер, өзгөрүүлөр, эл аралык кызматташуулар, өнүгүү стратегиялары, иш-чаралар планы жана келечекте күтүлгөн натыйжалар боюнча презентация жасады.

Министр мектепке чейинки билим берүү тармагын колдоого чет өлкөдө эмгектенген ата-энелерди тартуу, калктын аярлуу катмарынын мектепке чейинки курактагы балдарын билим берүү менен камтууну жогорулатуу, балдар бакчасын ачууда жеке ишкерлерди колдоо боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Мындан сырткары Каныбек Иманалиев мектепке чейинки билим берүү тармагында жашыл экономика, креативдүү адистер менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу жөнүндө кеп кылып, билим берүү уюмдарынын жетекчилерин өнүктүрүү долбоорлорун жазууну үйрөнүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий