• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Иманалиев Данияр Шаршенбекович - өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Иманалиев Данияр Шаршенбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Иманалиев Данияр Шаршенбекович - 1980-жылы 21-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими: жогорку.

2003-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «ишканалардын экономикасы» адистигине ээ болгон.

2012-жылы Япониянын Киото шаарындагы Ритцумейкан университетин «Экономикалык өнүктүрүү» адистиги боюнча аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек таржымалы:

2004-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Инновация» мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору, инновацияларды ишке киргизүү жана инновациялык технологияларды мониторингдөө бөлүмү, 1-категориядагы адис;

2004-2006-жж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар иши боюнча комитети, координатор;

2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясатты башкаруунун орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмү, башкы адис;

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, саясатты иштеп чыгуу тобунун бюджеттик маселелер боюнча эксперти;

2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Тышкы байланыштар башкармалыгы, фискалдык тобокелдиктерди башкаруу сектору, сектор башчысы;

2009 –2010-жж. –Борбордук өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттиги, бюджеттик кызматы, эксперт;

2012 –2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмү, эксперт;

2014-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, эксперт;

2014 –2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча сектору, сектор башчы;

2015-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министрдин орун басары;

05.2018-10.2018-жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, бөлүм башчы;

10.2018-ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү, бөлүм башчы.

Пикир

Оставить комментарий