• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Иманалиев: Эч бир тазалоочу курулуштун кир калдыктары Ысык-Көлгө куюлбайт

Коом 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев “Кабар” агенттигине тазалоочу курулуштардын калдыктарынын Ысык-Көлгө куюлушуна район бийлиги жол бербей турганын билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда массалык маалымат каражаттарында экология темасына байланыштуу материалдар жарыяланып, кээ бирлеринде Ысык-Көлгө калдыктары төгүлүп жаткан түтүктөрдүн сүрөттөрү чыккан.

“Ысык-Көл облусунун аймагында эч бир тазалоочу курулуш өзүнүн кир сууларын көлгө куйбайт. Биринчиден, биз буга жол бербейбиз, экинчиден, эч бир жаран мындай жолго барбашы керек. Биз өзүбүз тараптан ушундай фактылардын болбошуна көзөмөл кылабыз”, - деди аким.

Пикир

Оставить комментарий