• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иманалиев: Кичи энергетиканы өнүктүрүү өлкө үчүн чоң артыкчылыктуу багыт болуп саналат

Экономика 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү инвестициялык ишмердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү карайт, анткени инвесторлор үчүн айырмачылыгын толуктап берүү коэфициенттери кайрадан каралып чыкты», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына комментарий берип жатып.

Мыйзамдын максаты энергетика тармагында экономикалык жана уюштуруучулук укуктук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө түз инвестицияларды тартуу, бул тармакты мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Данияр Иманалиев белгилегендей, энергетика Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат.

«Кичи энергетиканы өнүктүрүү өлкө үчүн чоң артыкчылыктуу багыт болуп саналат, анткени бизде жыл сайын электр энергиясын колдонуу көбөйүп жатат. Биз энергетикадагы өзүбүздүн потенциалды толук кандуу колдонбойбуз, буга байланыштуу электр энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү өлкөнүн жалпы өнүгүүсү үчүн чоң артыкчылык болуп эсептелет», — деп айтты Данияр Иманалиев.

Ал киргизилген өзгөртүүлөр жеке сектор, ишкерлер жана инвесторлор тарабынан оң кабыл алынарына ишенимин билдирди.

Чакан ГЭСтер ассоциациясынын төрайымы Эльвира Боромбаева баса белгилегендей, аталган мыйзамдын үстүндө үч жылга жакын иш жүргүзүлгөн.

«Экономиканы өнүктүрүү үчүн чакан суу энергетикасы абдан маанилүү. Биз суу ресурстарынын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турабыз. Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында биринчи кезекте биздин экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү өнүктүрүү зарыл, бул — кошумча өнөр-жай объектилери, жумуш орундары, элдин бакубатчылыгын жогорулатуу. Үзгүлтүксүз энергия кубаттуулугун ташып жеткирүү мүмкүн эмес», — деди ал.

Эльвира Боромбаева кошумчалагандай, өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын эске алуу менен чакан ГЭСтерди өнүктүрүү маселени эң тез чечүү жолу болуп саналат.

Ал белгилегендей, мыйзамды кабыл алуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктүн эрежелеринин алкагы аныкталды.

«Акыркы жылдары жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлордун биздин рынокко чоң кызыгуусу пайда болду, бирок так „оюн эрежесинин“ жоктугунан улам кайтып кетип жатышкан. Азыр биз Өкмөт менен бирге айрым учурларын кайра иштеп чыгып, бардык тийиштүү нормативдик-укуктук актыларды азыркы мыйзамга шайкеш келтирүүбүз керек. Биздин өлкөдө аталган мыйзам мамлекеттик жеке-өнөктөштүктүн жакшы үлгүсү болуп калды деп ойлойм», — деп белгиледи Эльвира Боромбаева.

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамы КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий