• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иманалиев: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам жеке тармак үчүн тоскоолдуктарды кыскартат

Президент 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө мыйзам жеке сектор үчүн тоскоолдуктарды кыскартат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кечээ президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» КР мыйзамына комментарий берип жатып билдирди.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Данияр Иманалиев өзгөртүүлөр жеке өнөктөштү тандоо процедурасы жана ошондой эле долбоорлорду кароо мөөнөттөрүн оптимизациялоого таандык болорун белгиледи.

«МЖӨ долбоорлорун түзүүдө ишин оптималдаштырууга көмөктөшчү ири жана кичине болуп бөлүнгөн. Мындан тышкары МЖӨ долбоорлорун колдонуу тармактарын кеңейтүү жаатында өзгөртүүлөр киргизилди», – деди ал.

Санариптештирүү маселелери боюнча Данияр Иманалиев электрондук башкаруу жаатында МЖӨ механизмдерин колдонуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун баса белгиледи.

Мындан тышкары, МЖӨ долбоорлору боюнча финансылык жана банктык тармактарга өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик колдоо чаралары күчөтүлдү.

«МЖӨнүн долбоорлору үчүн уруксат документтерин тез арада, ашкере административдик тоскоолдуктарсыз алуу учүн мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүү сунушталууда», – деди Данияр Иманалиев.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Гүлнара Каликова белгилегендей, 2012-жылы буга чейин кабыл алынган МЖӨ жөнүндө мыйзам бир катар кемчиликтерге ээ болгон.

«Каталары көп болуп, процедуралар татаал эле. Жаңы мыйзамды даярдоого эки жылдай убакыт кетти», – дейт ал.

Гүлнара Каликова МЖӨ мамлекеттин жеке ишкерлик менен аракеттенишүүсүнүн механизми катары баарынан мурда коомдук инфраструктураны – жолдорду, ооруканаларды, мектептерди, маданий объектилерди жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.

Ал МЖӨ жөнүндө жаңы мыйзамдын алкагында мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана ишкерликтин өкүлдөрүнүн билимин жогорулатуу жана окутуунун маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий