• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Муундар арасында байланышты жоготпоо үчүн улуттук үрп-адатты сактоо керек - Иманалиев

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Муундар арасында байланышты жоготпоо үчүн улуттук үрп-адатты сактоо керек. Бул тууралуу “Улуттук нарк – элдик педагогиканын казынасы” аттуу тегерек столдо Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын максаты - кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоо жана бекемдөө. “Биз бүгүн кыргыз уулдары, кыздары кандай болушу керек, өзүбүздү кандай алып жүрүү керек, кыргыз элинин мыкты балдары болуусу үчүн балдарды тарбиялоо деген темада сөз кылуудабыз. Бул бүгүнкү күндүн иш-чарасынын негизги багыты. Иш-чарадан кийин биз коомго кайрылуу жасайлы деп камданып жатабыз”, - деди ал.

Министрдин орун басары билдиргендей, андан тышкары кыргыз элине, жаштарга кыргыздын салтв, үрп-адаттарына тиешеси жок нерселерди киргизүүгө аракет жасаган кубулуштардын алдын алуу маселелери талкууланат. “Биз өзүбүздүн баалуулуктарды жана өзгөчөлүгүбүздү сактап калышыбыз керек”, - деп баса белгиледи ал.

Иманалиев айтып өткөндөй, каада-салт – бул кылымдан-кылымга өткөрүлүп келе жаткан үрп-адаттар, жүрүм-турум нормалары жана көз караштар. Муундар жана убакыт ортосунда байланышты жоготпоо үчүн кыргыз үрп-адаттарды, салттарды сактоо керек. Заманбап дүйнөдө азыр уятсыздык, адепсиздик өкүм сүрүп, уят, урмат, кайрымдуулук, жакшы мамиле, мекенди сүйүү, мекенге кызмат кылуу деген түшүнүктөр жоголуп баратат. Мындай өлкөлөр бара-бара жок болот.

“Мындайдын алдын алуу максатында кылымдар бою калыптанып келген мамлекеттин каада-салттарын колдонуп, аларды сактоо керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий