• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Иманалиев: Постпандемиялык мезгилде туруктуу өнүктүрүү процесстерин каржылоо маселелери БУУ форумундагы талкуунун башкы темалары болду

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. «Пандемиялык жана постпандемиялык мезгилдерде туруктуу өнүктүрүү процесстерин каржылоо маселелери дүйнөдөгү элүүдөй өлкөнүн лидерлеринин катышуусундагы БУУнун эл аралык форумундагы талкуунун башкы темалары болду», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев, кечээ видеоконференция форматында өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу эл аралык форуму тууралуу пикирин билдирип жатып.

Иш-чарага башка чет өлкө лидерлери менен катар Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Жалпысынан глобалдык деңгээлде жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн карыз жүгүн жеңилдетүү маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасын постпандемияда калыбына келтирүү процесстерине жеке секторду тартуу, тышкы каржылоону көбөйтүү, түз инвестициялоо жана долбоорлоо менен каржылоо түрүндөгү ресурстарды тартуу маселелери көтөрүлдү.

«Ошондой эле глобалдуу деңгээлде каржы ресурстарынын кылмыштуу жүгүртүлүшү менен күрөшүү маселелери жана постпандемияда калыбына келтирүүнү эске алуу менен Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча БУУга мүчө өлкөлөрдүн мындан аркы кадамдары талкууланды», — деп баса белгиледи Данияр Иманалиев.

Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы мындай талкуулар Кыргызстанга тышкы карыздарды реструктуризациялоо жана узартуу маселелери боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Ошону менен бирге экономикадагы маанилүү жана артыкчылыктуу болгон долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк жаралаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий