• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Иманалиев: Президентке байланышкан факты таба алышпай, анын инисине жамап жатышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ – ТЭЦ) авариянын себептерин изилдөө жана аны калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча маалымат угулуп жатат.

Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Маселени кароодо депутат Ирина Карамушкина ЖЭБ боюнча парламенттин жана тиешелүү комитеттердин жетекчилеринин да жоопкерчилиги каралыш керек деген пикирин билдирген.

Депутат Каныбек Иманалиев Карамушкинага жооп кайтарып, бул иште депутаттар эмес, тендердик комиссия, министрликтер жооп бериш керек, – деди ал.

"Ирина Юрьевнанын логикасына таянсак, анда жыл сайын Жогорку Кеңештин төрагасын камап турушубуз керек. Биз жакында 156 млрд. сомдук республикалык бюджетти бекиттик. Ошол акчалар андан кийин министрликтерге, мектепке, жолго бөлүнөт. Анан ал акчалар ипподромду, тарых музейин, онкологиялык оорукананы курууда жегендей эле дагы желет. Туздөн-түз жегендер бар. Анан ошого төрага жооп береби? ", – деди Иманалиев.

"Анын логикасына таянсак, 120 депутаттын баарын камаш керек. Анткени биз 1 млрд. 965 млн. турган 46 келишимге кол койдук. Ал акчалар желбейт деп кимиңер кепилдик бересиңер? Бирок ага парламент эмес тиешелүү министрликтер, тендердик комиссия жооп бериши керек", – деди депутат.

Иманалиев бул долбоорду колдогонун билдирип, 2013-жылы 9-сентябрда президенттин өкүлү келип, Кытайдын президенти келатат, тарыхый документке кол коюуш керек деп айтканын билдирди.

"Мен ошондо кол койбосом, өзүмдү кыргыз элинин душманы катары эсептейм. Кытай башчысы ошончо акча менен келатса, мен комитеттин төрагасы катары жейт деп кол койгон жокмун да", – деп кошумчалады парламентарий.

"Көбү түшүнбөй турат, эл аралык келишим – бул базалык келишим. Андан кийинки финансылык келишим кете, ага Лаврова кол койгон (экс финансы министри), анан Абазов (Бишкека ТЭЦнин мурунку директору) кол койгон техникалык келишим. Жогорку Кеңеште 120 финансист же энергетик жок. Алар кредиттик жана финансы-техникалык келишимге кол коюшкан, алар адис катары жооп бериш керек", - дейт Иманалиев.

Депутат бугу чейин фракция лидери мыйзам долбоорун алып келсе, комитеттин башчысы кол койбой койгон учур болгон эмес, - деп кошумчалады.

"Бул жөн эле асылуу, саясатташтыруу. Себеби азыркы президенттен ушуга байланышкан факты издеп таба алышпай, ошол кезде президенттин иниси спикер экен, ошого жамап жатышат", - деди парламентарий.

Иманалиев ошондой эле мындай каралоо өтпөй турганын, дүйнөдө парламенттик эл аралык декларацияда депутат эч качан өзү берген добушу үчүн жооп бербестигин мисал келтирип сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий