• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иманалиев: Жарандарды маданий жана руханий жактан агартууда театрдын ролу жогору

Маданият 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Театр оюн-зоок мекемелери жарандарды маданий жана руханий жактан агартуу жагынан алып караганда ролу жогору. Бул тууралуу пикирин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы театр оюн-зоок мекеме жетекчилери жана көркөм жетекчилер менен жолугушуу учурунда билдирген.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында өлкөдө болгон короновирус инфекциясынан улам жарыяланган карантинде бардык театрлар иш-чараларды жана спектаклдерди онлайн форматта жогорку деңгээлде алып баргандыгы мактоого арзыды.

Бирок ошону менен бирге, эми көрүүчүлөрдү театрга тартуу боюнча маркетинг, жаш талантуу кадрларды шыктандыруу, спектаклдердин деңгээлин жогорулатуу жана жаңы улуттук опералык, балеттик жана драмалык спектаклдерди жандандыруу көйгөйлөрү айтылды.

Жалпы театр ишмердигин күчтөндүрүү жолдорун таап, чыгармачыл курамды оптималдаштыруу, тапкан каражаттарды кайтаруу системасын киргизүү, балет, опера жана хореография тармагын өнүктүрүү, реквизиттерди жаңылоо жана жаңы театралдык постановкаларды жаратуу жана драматургия багытын өркүндөтүү жолго коюу керектигин министр Кайрат Иманалиев кошумчалады.

Мындан улам, биринчи кезекте театр ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун көтөрүү үчүн, чыгармачыл топтордун эффективдүү иши, жаш таланттардын шыктандыруу, театр мекемелеринин өнүгүүсүнө каражаттарды максаттуу пайдалануу, улуттук жаңы чыгармаларды элге кеңири жайылтуу жана эл аралык деңгээлге алып чыгуу керектиги баса белгиленди.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 22 театр оюн-зоок мекемелери бар. 1 - цирк, 1 - опера балет театры, 8 - музыкалык драма театр, 7 - драма театр, 2 - куурчак театры, 3-филармония бар. Алар 2020-жылдын 1-декабрынан тартып санитардык эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өз иштерин жандандырган.

Пикир

Оставить комментарий