• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Иманалиев Токиодогу Олимпиаданын алкагында уюштурулган спорт министрлеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 25.07.21. /Кабар/. Токио шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк XXXII Олимпиаданын алкагында уюштурулган спорт министрлеринин жыйынына Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

КР Маданият министрлигинен кабарлашкандай, жыйынды Япониянын Маданият жана спорт министрлиги уюштурган.

Олимпиадага катышкан бардык өлкөлөрдүн спорт министрлери чакырылган жолугушууда Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи сөз сүйлөп, келген меймандарга ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, Токио Олимпиада жана Паралимпиада оюндары боюнча министри Марикава Тамауа да куттуктоо сөзүн айтып, Дүйнөлүк спорттун актуалдуу маселелерине токтолду. Жыйын Япониянын маданиятын жана спортун чагылдырган көрсөтүү менен уланды.

Министрлердин жыйынынан соң, Кайрат Иманалиев Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи жана Токио Олимпиада жана Паралимпиада оюндары министри Марикава Тамауа менен жеке жолугушуп, Дүйнөлүк XXXII Oлимпиаданын Токиодо ийгиликтүү өтүп жаткандыгы менен куттуктады.

Тараптар Кыргызстан-Япония маданий жана спорттук кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары, Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Касапоглы, Өзбекстандын туризм жана спорт министри Азиз Абдухокимов жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн министрлери менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча пикирлер алмашылды. Андан соң, чакырылган бардык министрлер Дүйнөлүк XXXII Oлимпиаданын ачылышына катышышты.

Эске сала кетсек, Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Андан сырткары, катышуучулардын катарына машыктыруучулар жана медицина кызматкерлери камтылган. Ал эми Паралимпиадага 4 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Министрлик тарабынан Дүйнөлүк Олимпиадага жана Паралимпиадага даярдык көрүү жана катышуу чыгымдары каралып, толук каржыланган жана уюштуруу жыйындары өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий