• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Иманкулов Душанбеде ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 23-июнда, Душанбе шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 16-жыйынына катышты.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, иш-чарага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздук жана туруктуулук кырдаалы, ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, баңги заттарынын жана курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, транс чек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында пикир алмашуу болду.

Жолугушуу салтка айланган достук жана конструктивдүү маанайда өтүп, ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Соңунда жыйынтык протоколуна кол коюлуп, маалыматтык билдирүү кабыл алынды.

Ошондой эле, аталган иш-чаранын алкагында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий