• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Иманкулов: ЖК депутаттыгына талапкерлердин барына бирдей шарттар түзүлөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. “Биз Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин барына бирдей шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жтабыз”, - деди шайлоо комиссиясына колдоо көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы штаб менен бирдикте 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону таза, адилеттүү, мыйзамдуу жана ачык-айкын өткөрүүгө бардык күчүн жумшап жатат.

“Биз 30 жыл бою административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды массалык түрдө сатып алуу жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо сыяктуу шайлоо процессин коштогон тенденцияны жок кылышыбыз керек”, - деди ал.

Штабдын төрагасы азыркы учурда КР Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам реакция кылуу координациялык тобу түзүлдү.

“Ошентип, учурда талапкерлер тарабынан шайлоо процессин бузууга байланыштуу 5-6 кайрылуу түштү. Мисалы, Нарын облусунда талапкерлердин бири жолго шагыл төшөгөн, Кадамжай районунда талапкер мектеп окуучуларын жаңы мектеп формасы менен камсыздаган”, - деп кошумчалады ал.

Жыйынтыгында Иманкулов талапкерлер меценанттык ишмердүүлүк менен шайлоо процесси жүрүп жаткан учурда эмес, башка убакта алектениши керектигин эске салды.

Эскерте кетсек, КР министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан 28-ноябрга белгиленген ЖК депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына жардам берүү үчүн Республикалык штабды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий