• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иманкулов ЖККУ Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 17-июнда, Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григоряндын төрагалыгында өткөн ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чарага ошондой эле, Беларусь Коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Волфович, президенттин жардамчысы — Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетов, Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жана ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы кырдаал жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна чакырыктарды жана коркунучтарды жоюуга багытталган чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы өз сөзүндө ЖККУ форматында өз ара кызматташуунун натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу жана практикалык жагын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, көп сандаган чакырыктарга жана коопсуздукка коркунучтарга байланыштуу Марат Иманкулов ЖККУнун потенциалын мындан ары өркүндөтүү жана чыңдоо үчүн тыгыз координациялоонун жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнүн жалпы багытын сактоого басым жасады.

Тараптар улуттук, аймактык жана эл аралык коопсуздукка коркунучтардын алдын алуу боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.

ЖККУнун мүчөлөрүн Армениянын премьер-министри, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы Никол Пашинян кабыл алды.

Жыйындын жыйынтыгында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин кезектеги жыйыны 2022-жылдын экинчи жарымында Арменияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий