• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Иммуноферменттик анализ тапшырган 13,6 миң адамдын дээрлик жарымында иммуноглобулиндер аныкталган

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпиемдиологиялык көзөмөл департментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева иммуноферменттик анализ тууралуу айтып берди.

"Иммуноферменттик анализ - лабораториялык изилдөөлөрдүн бир ыкмасы. Ал изилдөө кандын анализинен М же G иммуноглобулиндерин табууга багытталган. Анын натыйжасында оорунун бар экендиги же адам буга чейин ооругандыгын жана коронавируска иммунитети бар экенин аныктоого болот", - деди ал.

Ал белгилегендей вирус организмге киргенден кийин иммундук системада алгач М класстагы иммуноглобулиндер пайда болот.

"Ал ооруну жугузуп алгандан кийин бешинчи күндөн баштап клиникалык белгилер пайда боло баштагандан тарта же бир-эки жуманын ичинде пайда боло баштайт. Ал эки айга чейин организмде сакталып турат. Ал эми эки айдан кийин адамдын организминде G иммуноглобулини пайда боло баштайт. Ал пайда болгондон баштап анын деңгээли жай көтөрүлөт дагы бир топ убакытка чейин адамдын организминде кала берет", - деди ал.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги 11 жеке менчик лабораторияга иммуноферменттик анализ
жүргүзүүгө уруксат берген.

"21-июлдан баштап 12-августка чейин 13 миң 688 адам ИФА тест тапшырган. Алардын 48,4%ында М жана G иммуноглобулиндери бар болуп чыккан. М иммуноглобулини табылган учурда эмне кылуу керек? Биринчиден изоляцияны сактоо керек. Жашаган жер боюнча дарыгерге көрүнүп, дары-дармек жаздырып алуу керек. Мурда ПЧР анализ тапшырган болбосоңуз, коронавирус бар же жок экенин тактагыңыз келсе ПЧР анализ тапшырууга болот. G иммуноглобулини табылган болсо, анда изоляциянын, дарылануунун, ПЧР тест тапшыруунун кереги жок. Анткени G иммуноглобулини адам бир ай мурда же жакын арада ооруп чыкканын билдирет. Бирок вирус толук изилдене элек. Ошондуктан оору кайра жукпай тургандыгын ишенимдүү түрдө айтууга болбойт. G иммуноглобулини аныкталган жарандар социалдык аралыкты, бүгүнкү күнү айтылып жаткан эрежелерди сакташы керек" - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий