• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Империя пицца” кафесинде массалык ууланууга сальмонелла себеп болгон

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ролл-суши даяр азыктарынан сальмонелла табылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундушев билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча балык (лосось) сальмонелла менен ооруган.

“Кафе тармагында бир жеткирүүчү болгон. Балким, балыктын ташылышы дагы ушундай болгондур. Азыр “Империя пицца” кафе тармактарында бардык жагдай аныкталганга чейин япон ашканасын даярдашпайт”, - деди ал.

Эскерте кетсек, аталган кафе тармактарында массалык уулануу болуп, Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында ооруканага кайрылгандардын саны 318 адамга жеткен.

Ушуга байланыштуу Бишкекте Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшеришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий