• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Империя пиццы” кафе тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. “Империя пиццы” кафелеринин бардык тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, кафе тармактарында массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адам болгон.

Кечээ “Империя пиццанын” кафелеринен ролл жеп ууланган 12 адам тууралуу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий