• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Империя пиццы” кафеси. Тамактан уулангандардын саны 179 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. 26-октябрь саат 11:00гө карата Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча саламаттык сактоо уюмдарына тамак-аштан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 179га жетти, анын 18и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда 50 адам стационардык дарылануудан өтүүдө.

“Темир жол ооруканасына 13, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 12 адам, Улуттук госпиталга 24 адам, Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборуна - 1 адам кайрылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Ал эми калган жабырлануучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң жашаган жеринен амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланган факт катталган.

Пикир

Оставить комментарий