• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

"Империя пиццы" кафесинин тамагына уулангандардын саны 150 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. 26-октябрдын таңына карата тамак-аштан ууланып дарыгерлерге кайрылгандардын жалпы саны 155 адамды түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык мамсанэдипкөзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кечээ кечинде уулангандардын саны 131ди түзгөн, түндө дагы 24 бейтап кайрылган.

"Жалпы 28 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинен 12си жаш балдар, бир бала амбулатордук дарылууда", - деп маалымдады Мурзашев.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланган факт катталган.

Пикир

Оставить комментарий