• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Империя пиццы" кафесинин тамагына уулангандардын саны 282 адамга жетти, арасында балдар бар

Ден соолук 0

Бишкек, 17.10.21. /Кабар/. 27-октябрь, саат 11:00гө карата Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы медициналык мекемелерге тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны 282 адамга жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык мамсанэдипкөзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын билдирүүсүнө таянсак, алардын ичинен 60 адам стационардык дарыланууда, кечээ тогуз бейтап үйүнө чыгарылган.

"Ошондой эле балдардын арасынан 18и жаткырылды. Ооруканага жаткырылгандардын абалы орто жана оор формада деп бааланууда, жандандыруу бөлүмүнө эч ким жаткырылган жок", - деп маалымдады ал.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланган факт катталган.

Пикир

Оставить комментарий