• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Импорттолуучу бир катар мөмө-жемиштин көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду

Экономика 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Айыл жергесиндеги товар өндүрүүчүлөрдүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында импорттолуучу бир катар мөмө-жемиштердин көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен отургузуу үчүн арналган көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте импортко кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий