• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Импорттоочулар “Жыйынды пост” АМС “Жеке кабинети” аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздей алышат

Экономика 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн КР аймагына импорттоо (товарларды ташып кирүү) менен алектенген салык төлөөчүлөр www.sti.gov.kg расмий сайтынан “Электрондук сервистер” бөлүмүндөгү “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалыматтык системасынан «Жеке кабинетин” пайдалануу менен же import.salyk.kg сайтынан электрондук коштомо кагаздарды тариздөөгө мүмкүн экендигин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

“Жеке кабинеттен” коштомо кагаздарды тариздөөгө, зарыл болгон маалыматтарды аралыктан суроого жана алууга, таризделген документтин статусун бакап турууга, башка келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө болот.

"Жыйынтык пост" системасы «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

МСКнын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук коштомо кагаздарды пайдалануунун колдонмосу менен таанышып, толук маалымат алууга болот.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-январынан тартып "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Ак-Жол", "Чоң-Капка" товарларды эсепке алуу пункттарында, "Аламүдүн", "Кара-Балта", "Бишкек-1", "Кара-Суу" темир жол станцияларында, "Манас" жана "Ош" аэропортторунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды эсепке алууда "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдаланууда.

Пикир

Оставить комментарий