• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Импорттоочулар "Жыйынды пост" системасы аркылуу ташылып келүүчү товарларга 102 миң коштомо кагаз тариздеди

Экономика 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалана баштагандан тартып 2021-жылдын 15-июлуна карата импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттарына 102 миң 11 коштомо кагазды көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 88 миң 938 коштомо кагаз – авто транспорт менен келген товарлар, 10 миң 177 коштомо кагаз – темир жол транспорту менен келген товарлар жана 2 миң 896 – аба транспорту менен алып келинген товарлар.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу авто транспорт менен ташып келинген коштоочу кагаздардын саны 32 миң 307ге көбөйгөн.

Эскерте кетсек, КР Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-январынан тартып "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Ак-Жол", "Чоң-Капка" товарларды эсепке алуу пункттарында, "Аламүдүн", "Кара-Балта", "Бишкек-1", "Кара-Суу" темир жол станцияларында, "Манас" жана "Ош" аэропортторунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнөн Кыргызстандын аймагына ташылып келген товарларды эсепке алууда "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдаланууда.

Пикир

Оставить комментарий