• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Импорттук товарлардын 80% аткезчилик жол менен ташылуудабы? Жооп

Коом 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын импорттук товарлардын 80 пайызы контрабандалык жол менен ташылып келет деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиеванын 15-июндагы парламент жыйынынын жүрүшүндө чек арада 10 фуранын 8и пара алуу менен таризделип, импорттук товардын 80 пайызы контрабандалык жол менен ташылып келгенин айткан.

Товарларды Кыргызстанга ташып келердин алдында импорттоочулар “Жыйынды пост” системасы аркылуу коштомо кагазды онлайн түрүндө тариздейт. Андан соң товарлар контролдун бир нече этаптарынан өтө тургандыгын тактап өтүү зарыл.

Товарларды ташып келүү боюнча бардык факт маалыматтык система аркылуу контролго алынгандыктан, адам фактору болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, укук коргоо органдары жер-жерлерде контрабандалык товарларды ташып келүүгө жол бербөө боюнча туруктуу негизде контролдук иш-чараларды жүргүзүп турушат.

Ошондой эле “Коопсуз шаар” системасына кошулган, номерди таануу функциясы бар видеобайкоо камералары орнотулган кошумча контролдоо системасы уюштурулган. Бул унаалардын фиксациясыз өтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Аталган системага ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү кире алышат.

Депутат чек арадагы кызматкерлердин товарларды алып келүүдөгү мыйзамсыз аракеттери боюнча конкреттүү фактыларды келтирсе, Салык кызматы аларды карап чыгып, бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий