• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Имронбек Рахманов эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Имронбек Рахманов эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, бүгүн, 23-июлда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кадеттер арасында курама командасы Будапешт шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келишти.

“Манас” эл аралык аэропортунан спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, дирекциянын кызматкерлери жана күйөрмандары тосуп алышты.

Курама командасынын мүчөсү Имронбек Рахманов аталган мелдеште коло байгенин ээси болду. Спортчу 45 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Белгилей кетсек, чемпионатка 10 салмак категориясында спортчулар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий