• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Иньестанын акыркы "Эль Классикосу", “Барселона” менен “Реалдын” тиреши 2:2 эсебинде аяктады

Спорт 0

Бишкек, 07.05.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Испания чемпионатынын 35-турунда “Барселона” клубу менен мадридтик “Реал” командасынын беттеши орун алды. 7-майда “Камп Ноу” калаасындагы болгон беттеште 2:2 эсебинде тең чыкты.

Эсеп оюндун 10-мүнөтүндө “Барселонанын” чабуулчусу Луис Суарестин тепкен тобу менен ачылды. 15-мүнөтүндө Бенземанын көтөрүп берген тобун Роналду “Барселонанын” дарбазасына өзү менен кошо топту да киргизди. 1-таймдын кошулуп берилген убактысында Серджи Роберто орой ойногондугу үчүн кызыл кагаз алып, оюндан четтетилди.

2-таймдын 52-мүнөтүндө Луис Суарестинчыгарып берген тобун Месси “Реалдын” дарбазасына тээп, эсепти 2:1ге өзгөрттү. 72-мүнөтүндө Гарет Бейлдинсол буту менен тепкен тобу эсепти 2:2ге айлантты.

Белгилей кетсек,“Барселона” клубу менен мадридтик “Реал” командасынын беттешинде оюнчуларга 8 сары кагаз, 1 кызыл кагаз көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий