• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Инаугурация күнү бомба тууралуу таратылган жалган маалымат тууралуу УКМК түшүндүрмө берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ч.Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылдын 24-ноябрында жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалыматты КР УКМКнын атайын башкы иликтөө башкармалыгы текшерип, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

ИИМ Академиясынын курсантынын айтымына караганда, жарылуучу зат тууралуу маалымат тараткан жаран Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев.

Учурда козголгон кылмыш ишинин негизинде тараптардын көрсөтмөсү текшерилүүдө.

Иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий