• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Индия — Борбордук Азия» биринчи саммиттинин жыйынтыгында Дели декларациясы кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 27.01.22./Кабар/. Бүгүн, 27-январда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси менен биринчи «Индия — Борбордук Азия» саммити онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин катышуусунда өттү.

Лидерлер Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашып, аймактык жана эл аралык маселелер, анын ичинде эки тарапты кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча өз ойлорун билдиришти.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин «Индия — Борбордук Азия» диалогдук аянтчасын жогорку деңгээлде түзүү демилгесин кубаттап, колдоого алды.

Мамлекет башчысы экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Индиянын транспорттук-транзиттик өз ара байланышын жогорулатууга көмөктөшүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сунуш кылууга даяр экенин билдирди.

Саммиттин жыйынтыгында Дели декларациясы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий