• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индия курамасынын башкы машыктыруучусу: Негизги милдет аткарылды

Спорт 0

Бишкек, 27.03.18. /Кабар/. Биз бул жерге утулуп калуу үчүн келген жокпуз, негизги милдет аткарылды,-деп билдирди маалымат жыйында Индия курамасынын башкы машыктыруучусу Стефен Константин Кыргызстан менен болгон оюндун алдында.

Маалым болгондой, эки курама тең өздөрүнө 2019-жылдагы футбол боюнча Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыгууну камсыздашты.

“Биринчи кезекте Кыргызстан курамасынын машыктыруучусун алардын Азия Кубогунун финалдык раундуна өтүшү менен куттуктагым келет. Курама абдан мыкты, биз алар менен Индияда оор оюнду баштан өткөргөнбүз. Эки курама тең турнирдин финалдык бөлүгүнө чыкты, эми биринчи орун үчүн кармаш болот. Бишкекте өтө турчу оюн дагы оор болот. Тилекке каршы мыкты оюнчу Сунип Четри оюнга катышпайт, себеби ал сары карталардын көптүгүнөн оюндан четтетилген”,-деп билдирди машыктыруучу.

“Биз бул жерге кеминде утулуп калбаш үчүн келдик. Башкы милдет аткарылды, алдыда биз тиелешүү даярдыктан өтүшүбүз керек жана Кыргызстанга каршы болгон оюн бул пландын катарына кирет”,-деп кошумчалады ал.

Азия – 2019 Кубогуна тандоо раундунун алкагындагы акыркы оюн Кыргызстан менен Индиянын курамалары ортосунда бүгүн саат 20:00дө Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы спорт аренасында өтөт.

Маалым болгондой, Кыргызстан “А” тайпасында Индия, Макао жана Мьянманын курамалары менен ойнойт. Учурда Индия курамасы 13 упай менен алдыда келе жатат, Кыргызстан – 10 упай, Мьянма – 5, Макао – 0.

Пикир

Оставить комментарий