• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Индия Кыргызстанга грант түрүндө 30 млн доллар бөлүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Үстүбүздѳгү жылдын 16-сентябрында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин саммитинин алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен расмий жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу ѳз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү маселелерди талкуулашты.

Өзгөчө көңүл телемедицина долбоорун кеңейтүү жана Бишкектеги кыргыз-индия биргелешкен билим берүү IT-борборунун ишин кайра жандандыруу сыяктуу кыргыз-индия биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга бурулду. Индия тарапка тез таасир этүүчү долбоорлор үчүн 30 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү грант берүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирилди.

Тараптар ошондой эле өлкөлөр ортосундагы туристтик агымды көбөйтүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча кошумча түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык актуалдуу маселелер, анын ичинде Афганстандагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Министр Р.Казакбаев кыргыз тарап бардык этностордун катышуусу менен инклюзивдүү өкмөттү түзүү аркылуу Афганстанда тынчтыкты, бейпилдикти жана туруктуулукту эртерээк орнотууну жактай тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ШКУ, БУУ, ДСУ, ЮНЕСКО, Интерпол ж.б.у.с. сыяктуу көп тараптуу уюмдардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүсүнүн туруктуу бекемделишин, ошондой эле жалпы позициялардын жана эл аралык кѳйгѳйлѳрдүн кеңири спектри боюнча терең өз ара түшүнүшүүнүн бар экендиги белгиленди.

Министр Р.Казакбаев 2023-2025-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды тереңдетүү зарылдыгын, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды алмашууну улантууну баса белгилешти. Р.Казакбаев министр С.Жайшанкарды өзүнө ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга расмий сапары менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий