• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индия Кыргызстанга медицина чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүгө даяр

Саясат 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. 27-сентябрь күнү КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын ТИМ башчысы Субраманьям Джайшанкар менен жолугушту. Ал жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министрлер эки тараптуу стратегиялык мүнөздөгү мамилелер калыптанганын белгилешип, аларды мындан ары арттыруу маселесин талкуулашкан. Аны менен бирге Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына (2019-жылдын июнь айында) болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашуулардын ишке ашырылышын карашкан.

Индия тарап Кыргызстанга медицина чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүгө, соода мамилелерин күчөтүүгө, тараптар карап жаткан экономикалык жана каржы долбоорлору боюнча иш жүргүзүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий