• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индия премьер-министри Модинин Кыргызстанга болгон расмий визити башталды

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Бишкекте Индия премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына болгон расмий визити башталды.

Модини тосуп алуу үчүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Ардактуу кароол тизилген.

Визиттин алкагында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Нарендра Модинин кеңири форматтагы жолугушуусу болот.

Күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралат.

Белгилей кетсек, бул Модинин кайрадан премьер-министр болуп шайлангандан кийинки алгачкы визити.

Эске салсак, Моди бүгүн Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин ишине катышкан.

Пикир

Оставить комментарий