• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индия түрмөсүндө 38 жаштагы өзбек жараны каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. 15-июнга оогон түнү Индиянын Бхондси түрмөсүндө Өзбекстандын 38 жаштагы жараны каза болду.

Hindistan times басылмасынын маалыматына караганда, Ташкенттин Шахназ аттуу тургуну Индиянын аймагында мыйзамсыз жашап жүргөн деген шек менен 10-июнда Гуруграм шаарында кармалган. Беш күндөн кийин анын сөөгү тергөө абагында табылган. Азырынча аялдын өлүмүнүн себептери белгисиз.

Индия полициясынан кабарлашкандай, өзбек жаранынын сөөгү өткөн жума күнү таңкы саат 3төрдө тергөө абагында табылган. Анын денесинде көзгө көрүнө турган зыян келтирүүлөр болгон эмес. Бул ишти тергөөнүн алкагында аялдын сөөгү соттук экспертизага жөнөтүлдү.

Ташкенттин Шахназ аттуу 38 жаштагы тургуну дагы үч чет өлкөлүк жаран менен бирге Гуруграм шаарындагы соода борборлордун биринде 10-июнда кармалган.

Өзбек жаранынын өлүмүн иликтөө менен алектенип жаткан тергөөчү Суриндер Палдын айтымында, кармоо маалында аялдын дене табы жогору болгон жана ал төш клеткалары ооруп жатканына даттанган.

Гуруграм шаарынын полициясы бул окуя боюнча Өзбекстандын Индиядагы элчилигине расмий кабар берилгенин билдирди. Учурда Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү каза болгон келиндин туугандары менен байланышууга аракет кылууда. Азырынча Өзбекстан жаранынын Индияга качан жана эмнеге баргандыгы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий