• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Индияда 200 млн адам жалпы улуттук иш таштоого катышууда

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Индияда 200 млн адам жалпы улуттук иш таштоого катышууда. Эки күнгө созулган забастовка 8-январда башталган, деп кабарлайт NDTV телеканалы.

Бул иш таштоо акциясы жергиликтүү профсоюз уюмдарынын демилгеси менен башталган.

Акциянын катышуучулары өлкөдө баалардын көтөрүлүшүн сынга алып, айлык акысын жана пенсияны көтөрүп, социалдык кепилдиктерди талап кылышууда.

Ошондой эле элди жумуш менен камсыз кылуу жана башка талаптар айтылууда.

NDTV телеканалынын маалыматы боюнча, айрым райондордо акциянын катышуучулары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алды.

Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында адамдар темир жолунда иш таштоого өткөрүп, поезддердин каттоосуна тоскоолдук жаратышкан. Айрым жерлерде унаа жолдору дагы тозулуп, каттамдар токтоп турат.

Пикир

Оставить комментарий