• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индияда 20дан ашык баланы барымтага алган адамдын аялы ташбараңга алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Индиянын Уттар-Прадеш штатында 23 баланы барымтага алган Суреш Батам аттуу кишинин аялын айылдаштары ташбараңга алды. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирет.

Мындан мурдараак жергиликтүү ЖМКлар билдиргендей, Фаррухабад аймагынын тургуну Суреш Батам (мурда соттолгон деп айтылат) өзүнүн кызынын туулган күнүнө деп балдарды конокко чакырып, мейманга келген 23 баланы, бир нече аялды барымтага алган. Барымтага алынгандардын арасында 6 айлык ымыркай болгон.

Балдары барымтага алынганын билген айылдаштары анын үйүнө келген. Барымтачы менен айылдаштарынын бири сүйлөшүүгө аракет кылган. Бирок Суреш Батам айылдашына карата ок атып, ал бутунан жарадар болгон. Андан кийин полиция кызматкерлери атайын операция жүргүзүп, жыйынтыгында барымтачы каза болгон.

NDTV телеканалы билдиргендей, Суреш Батамды атып өлтүрүлгөндөн кийин жергиликтүү тургундар анын аялын ташбараңга алган.

"Жабыркаган аял ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ал каза болду", - деп билдирет телеканал.

Пикир

Оставить комментарий