• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индияда 39 аялы, 94 баласы бар дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөнүн башчысы каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 01.06.21./Кабар/. Индиянын Мизорам штатында дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөнүн башчысы, 76 жаштагы Зиона Чана кайтыш болду. Анын 39 аялы, 94 уулу жана кызы, 14 келини жана 33 небереси бар. Анын жарык дүйнө менен коштошконун Мизорам штатынын ички иштер министри кабарлады.

Зиона Чана “Чана Павл” деп аталган жергиликтүү сектанын лидери болгон. Бул секта көп аял алууну жактайт. Агымды 1942-жылы атасы негиздеп кеткен. Азыр анын мүчөлөрү Бактаунг айлында жашашат. Ал жерде 400дөй үй-бүлө бар.

Зиона Чананын үй-бүлөсүн көрүү үчүн айылга дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер барышат. Чана эмерек жасай турган фабрикага жана чочко баккан фермага ээ болгон. Муну менен ал үй-бүлөсүн баккан.

Зиона Чана алгач ирет 17 жашында үйлөнгөн.

Чоң үй-бүлө 100 бөлмөдөн турган төрт кабаттуу үйдө турат. Соңку кездерде ал кант диабети жана гипертониялык оору менен жабыркап келген.

Пикир

Оставить комментарий