• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индияда 65 жаштагы аял 80 жаштагы күйөөсүнө кыз төрөп берди

Дүйнө 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Индиянын Джамму жана Кашмир штатында 65 жаштагы аял көз жарып, экинчи ирет эне болду. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

Daily Mail гезитинин маалыматы боюнча, аты аталбаган аял 24-декабрда көз жарган. Ал эми наристенин атасы 80 жашта.

Баланын атасы кудайга ыраазычылыгын билдирип, мындай куракта кыздуу болгонун "эң баалуу белек" деп кошумчалады.

Доктор Шабир Сидик мындай учурлар өтө сейрек кездешерин баса белгиледи.

Жубайлардын 8 жаштагы уулу дагы бар.

Пикир

Оставить комментарий