• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Индияда 75 жаштагы кемпир кыз төрөдү – сүрөт

Дүйнө 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Индиянын Раджастан штатынын тургуну Прабха Деви 75 жашында кыз төрөгөнүн The Sun басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, 75 жана 80 жаштагы жубайлар ЭКО жолу менен балалуу болууну эңсешкен.

Кемпир боюна бүткөндөн кийин 30 жума өтпөй кызды жарык дүйнөгө алып келген. Анын салмагы 700 граммдан азыраак болгон. Прабха Деви кесарево ыкмасы менен көз жарган.

Төрөттөн кийин ымыркай жасалма аппаратка туташтырылган. Дарыгерлер белгилегендей, ымыркайдын учурдагы абалы турукташкан.

Пикир

Оставить комментарий